ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ооган согушунда каза болгон жоокерлер эскерилди

Бүгүн, 15-февраль күнү Ош шаарында Оогандан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 35 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов, Коргоо министринин орун басары, Түштүк-Батыш оперативдүү командачылыгынын кол башчысы Алмазбек Карасартов, Россия Федерациясынын башкы консулдугунун өкүлдөрү, Ооган согушунун, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.

Иш-чара, эстеликке гүл чамбарларды коюу менен башталып, Ооган согушунда баатырларча курман болгон жоокерлердин элесине куран окулду.

Нурбек Кадыров, бул күн тарых барактарында ооган согушуна катышкан ар бир жоокердин эрдигин эскерүү маанилүү экенин, алар тынчтык орнотууда өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарышканын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Ооганстандагы аскердик операциялар 1979-жылдан 1989-жылга чейин – дээрлик он жылга созулган. Учурда Ош шаарында 349 интернационалист жоокер жашайт.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео