Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жакынкы күндөрү ишке бериле турган жол объектилерин кыдырып, курулуштун жүрүшүн жана аткарылып жаткан иштердин сапатын жеринен текшерди. Шаар башчысы тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге жолдордун сапатына, тапшыруу мөөнөттөрүнүн сакталышына өзгөчө көңүл бурду.
Учурда Ош шаарында жол оңдоо иштери жигердүү жүрүүдө. Алдыдагы 10 күндүн ичинде Төлөнов, Курманжан датка көчөлөрү, “Жибек-Жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу №101, №111 көчөлөр жана башка бир катар тилкелерди кошкондо, жалпысынан 10 чакырымдай жол асфальтталып, пайдаланууга берилет.
Мындан сырткары Г. Айтиев менен Б. Осмонов көчөлөрүнүн кесилишиндеги эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоо алдында турат. Учурда объектте акыркы этаптагы жумуштар аткарылууда. Көпүрөн Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылат.
Ошондой эле Б. Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгүндө курулуш кызуу темпте уланууда. Мында жолдун негизи даярдалып, тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө. Асфальт төшөлгөндөн кийин жолду октябрь айында ишке берүү болжолдонууда.
Курулушту белгиленген графикке ылайык аяктоо үчүн жумушчу топтор эки нөөмөт менен иш алып барышууда. Текшерүүнүн жыйынтыгында калаа башчысы тиешелүү жетекчилерге бардык жол объектилерин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү боюнча так тапшырмаларды берди.

