2026-жылдын 15-25-октябрында Ош шаарында биринчи жолу сеньорлор арасындагы шахмат боюнча Азия чемпионаты өтөт.
Азиянын ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 50+ жана 65+ жаш категорияларындагы күчтүү шахматчылар, эл аралык гроссмейстерлер жана чеберлер, өлкө чемпиондору жана шахмат олимпиадаларынын катышуучулары Ош шаарында бир шахмат тактасында күч сынашат.
Чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө «Азия чемпиону» деген расмий наам ыйгарылат.
Мелдештин программасында:
- классикалык шахмат
- рапид
- блиц
- Жалпы байге фонду — 4 000 АКШ доллары.
Бул чемпионат Кыргызстанда сеньорлор арасындагы шахмат боюнча Азия чемпионаты биринчи жолу өтүп жаткандыгы менен тарыхый мааниге ээ. Мелдеш кыргыз шахматынын эл аралык деңгээлдеги аброюн жогорулатып, Ош шаарын ири эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүүгө жөндөмдүү шаар катары таанытууга чоң мүмкүнчүлүк берет.
Чемпионат FIDE жана Азия шахмат федерациясынын эгидасы алдында Кыргыз шахмат союзу, Ош шаарынын жана Ош облусунун шахмат федерациясы тарабынан Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулууда.
Өткөрүлүүчү жай: Jannat Resort Osh, Ош шаары
Мөөнөтү: 15-25-октябрь, 2026-жыл
КАТЫШУУЧУЛАР ҮЧҮН
FIDE ID номери бар жана 50+ же 65+ жаш категорияларына туура келген кыргызстандык шахматчылар да чемпионатка катыша алышат.
Катышууга катталуу 2026-жылдын 15-сентябрына чейин жүргүзүлөт.
Катышуу үчүн каттоо формасы:
Бир өлкөдөн катышуучулардын санына чектөө коюлбайт.
