Бүгүн Ош шаарында алгачкы жолу OSH INVEST FORUM 2026 инвестициялык форуму өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, ишкерлердин, инвесторлордун жана ири компаниялардын өкүлдөрү катышышты. Мындан ары форумду жыл сайын өткөрүү пландалууда.
Форумга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев да катышып, шаарды өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, жаңы өндүрүштөрдү ачуу жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикирлер айтылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө инвестициялык долбоорлордун көргөзмөсү уюштурулуп, ишкерлер жана инвесторлор менен бир катар жолугушуулар өткөрүлдү.
Форумда INTEGRA Engineering Group компаниясынын негиздөөчүсү, Novotel Bishkek мейманканасынын ээси Жоодар Сайдилкан, “Бишкек” ЭЭАнын башкы директору Умбриэль Темиралиев жана “Ак Кеме” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Рахматулла Мадазимов өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Иш-чаранын соңунда инвестициялык кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлуп, бир катар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.
