Май айынан тарта Ош көчөсүн Ж. Раимбеков көчөсүнөн Т. Касымбеков көчөсүнө чейин төрт тилкелүү болуп кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Бул жол бүтсө “Ош” Эл аралык аэропортуна алып баруучу кошумча альтернатива жолдордун бири болуп кызмат кылат.
Ушу тапта жолдун эки четине ирригациялык лотоктор орнотулууда. Буга чейин курулуштар алынып, жолдун негизи түзүлүп, канализация жана суу түтүктөрү тартылган.
Белгилей кетсек, көчөнүн жалпы узундугу 3 чакырымды түзүп, кеңдиги 24 метрге чейин кеңейтилет. Эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана жашыл аймактар каралган.

