ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы өтүүдө

📆Ош шаары, 17-июнь
🔹 Бүгүн Ош шаардык депутаттар кеңешинин XXI сессиясы өтүүдө. Сессияга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов баштаган эл өкүлдөрү, мэрдин орун басарлары, ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.
📌 Күн тартибине:
1. Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын, “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө.
2. Ички жана тышкы миграциянын учурдагы абалы жана калктын учурдагы агымдарын тактоо жана иретке келтирүү боюнча Ош шаарынын мэриясынын аткарып жаткан иштери жөнүндө.
3. “Санарип Ош” муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө.
4. Ош шаарында жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөө жана автотыгынды азайтуу боюнча Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматы, Ош шаардык автоунаа жана “Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканаларынын аткарып жаткан иштери жөнүндө.
5. Ош шаардык ветеринардык башкармалыктардын аткарып жаткан иштери жөнүндө.
6. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын аткарып жаткан иштери жөнүндө.
7. Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги газ түтүктөрүн жана жабдууларын “Газпром Кыргызстан” ачык акционердик коомунун “Ош Газ” филиалынын балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө.
8. Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
9. Мамлекеттик менчиктеги мүлктү Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө.
10. Ош шаарындагы айрым географиялык объекттерди атоо жөнүндө.
11. Ош шаардык Кеңешинин 2026-жылдын 4-мартындагы “2026-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” №121 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
12. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 900 000 000 сом акча каражатын Ош шаарынын жол инфраструктурасын жакшыртууга жана социалдык объекттерди курууга бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
13. Ош шаарынын аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун сугат айдоо жана калктын үлүштүк сугат айдоо жерлерине суу жеткирүү кызматынын тарифин бекитүү жөнүндө.
14. Муниципалдык жер тилкесин ижара акысынан бошотуу жөнүндө.
15. Ош шаарынын 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчетту бекитүү жөнүндө.
16. Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө.
17. Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы №80 токтому менен бекитилген “Ош шаарынын аймагында коомдук жана мамлекеттик муктаждыктарга алынуучу жер тилкенин жана жер тилкеде жайгашкан кыймылсыз мүлктүн менчик ээсине кенемте берүү тартиби жөнүндө Жобого” өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
18. Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
19. Ош шаардык Кеңешинин Регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
20. Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө маселелер коюлду.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео