Бүгүн 1-сентябрдан тарта Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чаралары башталды.
Бул дүйнөлүк масштабдагы спорттук жана маданий майрамга Ош шаарынан мэрдин орун басары Масуда Айдарбекованын жетекчилиги алдында чоң делегация барды. Ош шаарынын атынан Кырчын жайлоосунда “Ош ордосу” түзүлүп, боз үйлөр тигилип, даярдык иштери жүрүүдө.
“Ош ордосунда” Оштун тарыхы, маданияты, кол өнөрчүлүгү жана улуттук тамактары көрсөтүлөт.

