Бийчилер менен Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жолугушуп, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген өнөрпоздорго чыгармачылык ийгиликтерди каалап, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, фестиваль бүгүн 16-август күнү, саат 18:30да Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын алдында старт алат. Ага Индия, Өзбекстан, Казакстан, Орусия жана Кыргызстандын эң алдынкы бий топтору катышат.
Ага чейин, саат 17:30да борбордук аянттан театрга чейин музыканын коштоосунда бийчилердин жөө жүрүшү болот.