ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында 500 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн 6-октябрь КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда ачылган өлкөдөгү 20 социалдык объектинин катарында, Ош шаарындагы №60 Сүрөттүү-Таш мектеби да ачылды.
Аталган жалпы билим берүү мекемеси калаанын Сүрөттүү-Таш айылында жайгашып, 500 окуучуга ылайыкташкан.
Жаңы билим уясын көрүп чыккан мэр Жанарбек Акаев мектеп мыкты курулганын айтып, мугалимдер менен баарлашып, аларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле окуучулардын билим сапатына өзгөчө басым жасоо, аларга заман талабына ылайык, кызыктыруучу сабактарды өтүү керектигин айтты. Ошондой эле аталган мектепте окуучулар үчүн дилбаян сынагын өткөрүп, алдыңкы окуучуларга стипендия ыйгарууну убадалады.
Эске салсак, мектептин курулушу быйыл апрель айында башталган. Каражат республикалык бюджеттен бөлүндү.

Окшош жаңылыктар

238187ef-d0c6-4902-bcd3-5e27a833b9af

Ош шаарында “Урпак” бала бакчасы ачылды

a83d6ca4-1657-440b-9573-0aaf2458950d

Шаар күнүндө төрөлгөн ымыркайларга белек берилди

835217296_1444867407832152_7814321172956563720_n

200 миң сом акчалай сыйлык: Ошто мугалимдер күнү белгиленди

839068339_1444848674500692_2072775587931112978_n

Ош шаарында бир күндө эки бала бакча, эки мектеп пайдаланууга берилди

837269425_1444660734519486_2153231829282063579_n

Ош шаарында 450 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

833074835_1442008964784663_3130819471720128257_n

Ош шаарынын күнүнө карата улуттук спорттук мелдештер өткөрүлдү

Видео