ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында абанын сапатын жакшыртуу маселеси талкууланды

🔹 Ош шаарында атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу жана абанын булганышын азайтуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү.
🔹 Жыйынга шаар мэринин орун басары Эрнис Толтоев жетекчилик кылып, мамлекеттик органдардын, муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү катышты.
🔹 Жыйында Министрлер Кабинетинин тескемелеринин негизинде абанын булганышын азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана «Абанын сапатын жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планынын» аткарылышы каралды.
🔹 Эрнис Толтоев абанын тазалыгы калктын ден соолугуна түздөн-түз байланыштуу экенин белгилеп, бул багытта бардык мекемелер тыгыз кызматташуусу керектигин айтты.
🔹 Отурумдун жыйынтыгында төмөнкү багыттар боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды:
1. Өнөр жай жана энергетикада экологиялык талаптарды сактоо
2. Коомдук транспортту экологиялык таза транспортко этап-этабы менен өткөрүү
3. Мыйзамсыз таштандыларды алдын алуу, шаарды жашылдандыруу
4. Калк арасында экологиялык маданиятты жогорулатуу
5. Экологиялык мониторингди күчөтүү
🔹 Бардык жооптуу мекемелерге бекитилген пландагы милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу милдеттендирилди.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео