ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында айрым коомдук тамактануу жайлардын иши убактылуу токтотулду

Ош шаарынын мэриясынын 2026-жылга бекитилген иш планына ылайык, июль айында «Ош шаарында коомдук тамактануу жайларында тамак-аш коопсуздугу боюнча санитардык талаптардын аткарылышы» маселеси боюнча комиссиянын отуруму өтөт.
🔹 Бул максатта мэриянын 9-июлундагы менен Ош шаардык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана Ветеринардык кызматтын адистеринен турган комиссия түзүлгөн.
🔹 Комиссия тарабына 13-июлдан тартып рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп, Курманжан-Датка жана А. Шакиров көчөлөрүндө жайгашкан 10го жакын кафе жана тез татым жайларында мониторинг жүргүзүлдү.
🔹 Мониторингдин жүрүшүндө бир катар коомдук тамактануу жайларында санитардык-гигиеналык талаптардын сакталбагандыгы, ошондой эле продукциянын сапатын тастыктоочу документтердин жоктугу аныкталды.
🔹 Аныкталган кемчиликтерди жоюу максатында аталган объекттердин иши кемчиликтер толук жоюлганга чейин убактылуу токтотулду.
🔹 Ошондой эле мыйзамсыз ишмердүүлүк фактылары аныкталып, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүп берилди. Кээ бир жайлардын жетекчилерине генералдык тазалоо жана дезинфекциялоо жүргүзүү тапшырылды.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео