Ош шаарында буга чейин Аношина көчөсү деп аталган көчөдө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, жаңыланган жол пайдаланууга берилди. Көчөгө Бегиш Аматовдун аты ыйгарылды.
Көчөнүн ачылышы Ош шаарынын күнүнө карата уюштурулган иш-чаралардын алкагында өткөрүлдү. Жаңыланган көчө майрамдык иш-чараларга карата пайдаланууга берилип жаткан 20га жакын объекттин бири болуп саналат.
Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында жол инфраструктурасы жаңыланып, көчөдө жайгашкан көпүрө да оңдолуп, пайдаланууга берилди.
Долбоордун ишке ашырылышы шаардагы жол инфраструктурасын жакшыртууга, тургундар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.
