Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында ишкерлердин кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи болуп өттү.
Ага Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азат Кубатбек уулу катышып, ишкерлердин шаардын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатууга кошкон салымын белгилеп, Ош шаарынын мэринин атынан кесиптик майрамы менен куттуктады.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнүн 32 жылдыгына жана мамлекеттик ишмер Н.Исановдун 80 жылдыгына арналган иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн бир катар ишкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамота жана Ыраазычылык баракча менен сыйланышты.