Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев жана Ош шаардык кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөлөрү көчмө жыйын өткөрүштү.
Жыйындын жүрүшүндө 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жеринде текшерилди.
Анын алкагында жылуулук, электр энергиясы, муниципалдык чарба жана башка тармактардын кышкы сезонго даярдыгы каралып, аныкталган маселелер боюнча жооптуу жетекчилерге тиешелүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле кыш мезгилин үзгүлтүксүз жана коопсуз өткөрүү үчүн даярдык иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүү, кемчиликтерди тез арада жоюу жана керектүү техникалык иштерди күчөтүү боюнча милдеттер коюлду.

