“Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы” муниципалдык ишканасы тарабынан, шаардын көркүн жакшыртуу, жана жашоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында көп кабаттуу үйлөрдүн фасадын жаңылоо, актап-сырдоо жумуштары жигердүү жүрүүдө.
2025-жылы, жыл ичинде шаар аймагындагы 50 көп кабаттуу үйдүн фасады толугу менен актап сырдалып, заманбап көрүнүшкө келтирилген.
Ал эми Ош шаарынын мэри Акаев Жанарбек Кубанычовичтин жеке тапшырмасына ылайык 2026-жыл аралыгында 70 көп кабаттуу үйдүн фасадын актап-сырдоо пландалган. Азыркы күндө, тогуз айдын жыйынтыгы боюнча 50 көп кабаттуу үйдө актап-сырдоо жумуштары аткарылды. Жыл аягына чейин дагы 20 үйдү бүтүрүү пландалууда.
Натыйжада 2025-жылга 50 үй актап сырдалып бүткөн болсо, 2026-жылы 70 көп кабаттуу үйлөрдүн фасадын актап-сырдоо жумуштары ишке ашат.
Мындай иштер алдыда дагы улана бермекчи.
https://www.facebook.com/share/v/19sr1nmSYL/


