Бүгүн, 1-октябрда Ош шаарынын мэриясынын “Боорукердик” социалдык мекемесинде Эл аралык карылар күнүнө карата иш-чара өттү.
Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев жана “Айыл Банк” ААКсынын Башкармасынын төрагасынын орун басары Эрмек Бакасов карыяларды куттуктады.
Салтанат Аманова Жеңишбек Токторбаевдин куттуктоосун жеткирип, мэриянын атынан акчалай белек жана интерактивдүү доска тапшырды.
Ошондой эле “Айыл банк” ачык акционердик коому тарабынан карыялар үчүн жаңы эмеректер алынып материалдык колдоо көрсөтүлдү жана майрамдык дастаркон жасалып, концерттик прграмма тартууланды.
Эскерте кетсек, Ош шаарынын мэриясынын “Боорукердик” үйүндө 30 улгайган адам жашайт.
Ош шаарында “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” аттуу бир айлык уюштурулуп, анын алкагында социалдык колдоого муктаж
улгайган жарандарга жана карыларга жардам берилип жатат.
