ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында коррупцияга каршы аракеттенүү жана балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жыйын өттү

 Бүгүн, Ош шаарынын прокуратурасынын демилгеси менен укук коргоо, фискалдык, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.
 Жыйындын биринчи бөлүгүндө Ош шаарындагы муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ижарага берүүдө жана жеке менчикке өткөрүп берүүдө коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу, ошондой эле Билим берүү башкармалыгынын карамагындагы же ага тиешелүү болгон жер тилкелерин кайтаруу маселелери каралды.
 Экинчи бөлүгүндө ведомстволор аралык кеңештин алкагында балдар арасындагы кылмыштуулукту жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды.
 Жыйындын жүрүшүндө жашы жете электерге карата жасалган жана жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштардын статистикалык көрсөткүчтөрү, алардын келип чыгуу себептери талданып, укук бузуулардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан жана алдыда пландалган иш-чаралар боюнча сунуштар айтылып талкууланды.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео