Бүгүн 3-октябрда, Ош шаарынын күнүнө карата Т. Сатылганов атындагы эс алуу багындагы жайкы театрында Ош шаарынын мэринин кубогу үчүн шахмат боюнча эл аралык мелдешке старт берилди.
Мелдештин ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова катышып, шахматчыларга ийгилик каалады. Мелдешке Индия, Беларусь, Россия жана коңшу мамлекеттерден келген шахматчылар катышып, ар түрдүү курактагы спортчулар өздөрүнүн интеллектуалдык даярдыгын, логикалык ой жүгүртүүсүн жана шахмат тактасындагы чеберчилигин көрсөтүштү.
Шахмат турнири майрамдык маанайда өтүп, ар кайсы өлкөлөрдөн келген шахмат сүйүүчүлөрүн бир аянтчага чогултту. Катышуучулар үчүн мелдешти жогорку деңгээлде өткөрүүгө зарыл болгон шарттар түзүлүп, уюштуруу иштери тиешелүү кызматтар тарабынан камсыздалды.
Мелдешти өткөрүүнүн негизги максаты — шахмат спортун кеңири жайылтуу, жаштардын интеллектуалдык жөндөмүн өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери Ош шаарынын мэринин кубогу, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланат.

