Бүгүн 25-сентябрда, Ош шаарында эл аралык тынчтык күнүнө карата “Ынтымак жумалыгынын” ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, мамлекеттик органдардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын, жарандык коомдордун өкүлдөрү, активдүү жаштар катышышты.
Жумалыктын алкагында Фергана өрөөнүндөгү социалдык ынтымак жана тилектештик, жарандык демилгелер, аялдардын тынчтык орнотуудагы ролу, инклюзивдүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу, санариптик мейкиндиктеги коопсуздук жана гендердик зомбулуктун алдын алуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу сыяктуу актуалдуу темалар боюнча талкуулар жана тематикалык сессиялар өткөрүлөт.
Иш-чаранын негизги максаты — коомдогу тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө, жарандык демилгелерди колдоо, жергиликтүү деңгээлдеги кызматташтыкты өнүктүрүү жана тынчтыкты куруу жаатындагы өнөктөштүктү чыңдоо болуп саналат.

