ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында заманбап күнөскана комплекси ишке берилди

Ош шаарында «Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасы үчүн жаңы заманбап күнөскана комплекси пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Күнөскана комплекси мурдагы эски бассейндин ордуна курулган. Курулуш иштери 2026-жылдын январь айында башталып, сентябрь айында аяктаган.
Комплекстин жалпы аянты 5 800 чарчы метрди түзөт. Анын курамына:
  • 2 815 чарчы метрлик күнөскана;
  • 123 чарчы метрлик тиричилик имараты кирет.
Объект 700 кВт кубаттуулуктагы откана, 200 куб метрлик суу резервуары жана электр энергиясы үзгүлтүккө учураган учурда пайдалануу үчүн 150 кВт кубаттуулуктагы генератор менен камсыздалган.
Күнөсканада сугаруу, желдетүү, жылытуу жана климаттык көзөмөл системалары автоматташтырылган. Жай мезгилинде температураны жөнгө салуу үчүн суу аркылуу муздатуучу жабдуулар орнотулган. Ошондой эле өсүмдүктөрдү коргоо максатында көлөкөлөөчү, жылуулук сактоочу жана канаттуулардан коргоочу торлордон турган үч катмарлуу система каралган.
Мындан тышкары, кызматкерлер үчүн жатакана, ашкана жана башка зарыл тиричилик шарттары түзүлгөн.
Күнөскана комплекси жылына 2 миллион даанага чейин көчөт өстүрүүгө ылайыкталган. Өстүрүлгөн гүлдөр жана көчөттөр Ош шаарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштеринде колдонулат.

Жаңы комплекстин ишке кириши шаарды жашылдандыруу үчүн керектүү көчөттөрдү жергиликтүү шартта өстүрүүгө жана муниципалдык ишкананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт.

https://www.facebook.com/share/v/19evQxyiau/


Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео