ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында жаңы өрт-куткаруу станциясы ачылды

Бүгүн Ош шаарында Кыргызстанда табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу иш-чараларын күчөтүү демилгесинин алкагында курулуп жаткан өрт-куткаруу станциясынын жаңы имаратынын ачылышы болду.
Ачылышка Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шайлообек Козубаев, Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ, KOICAнын Кыргызстандагы директору Ли Чонсу, ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Өкүлү Александра Соловьева катышты.
Ош өрт-куткаруу станциясы өлкөнүн өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин башкаруу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча демилгенин алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, KOICA жана БУУӨП тарабынан биргелешкен өнүктөштүктө курулган.
Ушундай имараттар Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу), Сузак айылында (Жалал-Абад облусу) жаңы өрт-куткаруу станциялары ачылып, Бишкек шаарында курулушу жүрүп жатат.
Демилге имараттарды курууну гана эмес, ошондой эле заманбап өрт өчүрүүчү жабдуулар жана техникалар менен камсыз кылууну, өрткө каршы кызматтардын жалпы сапатын жогорулатууну көздөйт.
Техникалык жардам көрсөтүү менен бирге БУУӨП өрт өчүрүүчүлөрдүн иштөө шарттарын жакшыртып, өрткө каршы кызматтарга жалпы жеткиликтүүлүктү кеңейтип, туруктуулукту камсыз кылат.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео