Бүгүн, 15-сентябрда Ош шаарында Билим күнү белгиленип, 2026–2027-окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чаралар өттү.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Арек айылындагы Ж. Атабаев атындагы №35 жалпы билим берүү мектебинде өткөн алгачкы коңгуроо аземине катышып, окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы окуу жылы менен куттуктады.
Иш-чаранын алкагында мектептин жаңыдан курулган ашканасы, спорттук жана актылык залдары пайдаланууга берилди. Ошондой эле шаар мэри мектепке окуучулардын билим алуусуна шарт түзүү максатында интерактивдүү доска белек кылды.
Белгилей кетсек, 2026–2027-окуу жылында Ош шаарында 10 миңден ашуун бала 1-класска кабыл алынды.
Анын ичинен:
- кыргыз тилдүү класстар үчүн 4330 орунга квота бөлүнүп, 2790 окуучу;
- орус тилдүү класстар үчүн 7866 орунга квота бөлүнүп, 7613 окуучу кабыл алынды.
https://www.facebook.com/share/v/1DfDEBLe4z/

