ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда Ош шаарындагы 2024 аскер бөлүгү жайгашкан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган чек ара комплекси салтанаттуу түрдө ачылды.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, генерал-майор Данияр Сатимов жана аскер кызматчылары катышышты.
Реконструкциялоонун алкагында аскер шаарчасынын инфраструктурасы толугу менен жаңыланды. Атап айтканда, штаб, казарма, ашкана, медициналык пункт, спорттук комплекстер, турак жайлар жана башка чарбалык объектилер заманбап талаптарга ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ошондой эле аймак көрктөндүрүлүп, чек ара кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө онлайн форматта Чүй облусундагы “Ойронду” жана Баткен облусундагы “Өрүк-Зар” чек ара заставалары дагы пайдаланууга берилди.
Республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылган бул долбоорлор мамлекеттик чек аранын коопсуздугун чыңдоого, чек ара кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын жакшыртууга жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн татыктуу жашоо шарттарын камсыз кылууга багытталган.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Талапкерди онлайн колдоону каалайсызбы?

844757900_1450585293927030_2244796170516184487_n

Ош — жашыл келечекке карай: экологиялык демилгелер жол картасына түшөт

845622225_1450119400640286_228673856332150957_n

Ош шаарында волейбол боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды

6fb207f6-9d57-4c1f-b994-9cd8b3101c8b

Chevrolet Estocada борбору расмий ачылды

323d6770-8503-488f-a092-708e2b2d5a13

Супаналиев көчөсү жаңыланды

1850f74d-67eb-47db-9a92-b435488d80de

Т. Асанов көчөсү капиталдык оңдоодон өттү

Видео