ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында алдын алуу иштери күчөтүлдү

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаевдин жетекчилиги астында коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйындын күн тартибинде Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы тарабынан үстүбүздөгү жылдын беш айында кылмыштуулук менен күрөшүү, бетин ачуу, алдын алуу жана кошумча уюштуруу иш-аракеттери жөнүндө маселелер каралып, бул багытта аткарылып жаткан ар тараптуу жумуштар боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов маалымат берди.

Белгилеп айтканда, быйылкы жылы профилактикалык иш-чаралардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу укук бузууларды каттоо 400гө жакын фактыга, ал эми кылмыш иштерин козгоо 250гө жакын фактыга кыскарган. Ошондой эле шаар боюнча 1228 иш кагаздары башталса, анын 849у (70 пайызы) ачылган. Мындан тышкары 100гө жакын соттук териштирүүлөр боюнча иштин бети ачылып, аяктоо алдында турат.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео