Ош шаарында жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында эскилиги жеткен жол белгилери алмаштырылып, зарыл болгон жерлерге кошумча белгилер орнотулууда.
Ошондой эле шаар көчөлөрүндө жол сызыктары, анын ичинде жөө адамдар өтүүчү өтмөктөр жаңыланып, кайрадан чийилүүдө.
Бул иштер айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

