ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарындагы Авиценна көчөсү капиталдык ондоодон өттү

Ош шаарындагы Авиценна көчөсүндө жолду кеңейтүү жана тротуар куруу иштери аяктап, көчө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев катышты.

Белгилей кетсек, аталган көчө буга чейин капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Жолдун И. Раззаков көчөсүнөн тартып “Орто Азия” мейманканасына чейинки бөлүгү оңдолуп, көчөнүн өткөрүмдүүлүгүн жакшыртууга жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган иштер жүргүзүлдү.

Жолду кеңейтүү жана тротуар куруу иштеринин алкагында жеке менчик жер тилкелерине байланыштуу жер ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жеке менчик ээлеринин мыйзамдуу укуктарын сактоо менен, жол жана тротуар тилкесине туура келген жерлер боюнча мыйзамда белгиленген тартипте компенсация төлөп берүү сунушталды.

Ошондой эле тротуарларды талаптагыдай жайгаштыруу максатында айрым жерлерде тосмолорду 75 сантиметрден 1,5 метрге чейин жылдыруу зарылдыгы жаралган. Бул маселелер боюнча жер ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Жаңыдан оңдолгон көчө шаардагы жол кыймылын жакшыртууга жана жарандар үчүн ыңгайлуу инфраструктураны өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

https://www.facebook.com/share/v/1DMMiSoTVT/

 

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоо фондун түзүү жана калыптандыруу тартиби

848775244_1452259707092922_5465660064035558227_n

Ош шаарында көмүр сатыла баштады

Screenshot_20261014_105225_Facebook

Ж. Бөкөнбаев атындагы мектептин айланасы мыйзамсыз курулуштардан тазаланууда

FB_IMG_1791953276235

Кулактандыруу!

Screenshot_20261014_095907_Facebook

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн фасадын жаңылоо иштери уланууда

FB_IMG_1791951271163

Эл менен түз байланыш — көйгөйдү чечүүгө кадам

Видео