ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын 3026 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык салтанат масштабдуу гала-концерт менен жыйынтыкталды.
Майрамдык иш-чарада Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов куттуктоо сөз сүйлөп, тургундарды жана конокторду шаар күнү менен куттукташты. Өз кайрылуусунда алар байыркы Оштун акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык жетишкендиктерин, инфраструктуралык жаңыланууларын жана шаарды өнүктүрүү багытындагы ири долбоорлорду баса белгилешти.
Салтанаттуу сахналаштырылган программа Ош шаардык маданият жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы тарабынан даярдалып, масштабдуу театралдаштырылган көрүнүштөр жана майрамдык жаркыраган фейерверк менен коштолду.
Гала-концертте Кыргыз Республикасынын эл жана эмгек сиңирген артисттери, маданияттын мыкты кызматкерлери, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын популярдуу эстрада жылдыздары JAX 02.14, Амирчик, Жийдеш Идрисова, Хамдам Собиров ж.б. өнөр көрсөтүп, стадионго чогулган 30 миңден ашуун көрүүчүгө унутулгус майрамдык маанай тартуулашты.

Окшош жаңылыктар

833074835_1442008964784663_3130819471720128257_n

Ош шаарынын күнүнө карата улуттук спорттук мелдештер өткөрүлдү

default

Инвестиция: Ош шаарында заманбап медициналык борбор ачылды

a6ea200b-5e46-4a7f-b971-4c75f2fff418

Ош шаарында Бегиш Аматов атындагы көчө пайдаланууга берилди

834938047_1158698986499831_2380975622032703484_n

Мэрдин кубогу: Шахмат боюнча эл аралык турнир жыйынтыкталды

832819128_1442010008117892_1345856720888533611_n

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча жаштар арасындагы чемпионат уланууда

836163308_4635935016691756_4646787346726614131_n

Ош шаарынын мэри боордош шаарлардын өкүлдөрүн кабыл алды

Видео