Бүгүн 25-сентябрда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасында болуп, түшүм жыйноо жана күздүк айдап-себүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Быйыл ишкана 64,7 тонна буудай жана 24,6 тонна арпа жыйнап алды. Учурда күздүк айдоо жана себүү иштери башталды.
Мындан тышкары, ишкананын гаражы айыл чарба иштерин жүргүзүүгө зарыл болгон техникалар менен толукталды. Бул техникалар жер иштетүү, себүү жана түшүм жыйноо иштерин өз убагында жүргүзүүгө шарт түзөт.

