Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылындагы ат майданында жаштар арасында көк бөрү боюнча мэрдин кубогуна арналган оюндар өтүп жатат.
Бүгүн мелдештин экинчи күнү. Ага 18 жаштан 24 жашка чейинки жаштар катышып, командалар А жана Б тайпаларына бөлүнгөн. Жалпысынан чемпионатта 7 команда күч сынашууда.
Мелдештин жүрүшүндө жаш көк бөрүчүлөр өздөрүнүн чеберчилигин, ылдамдыгын жана таймаштагы даярдыгын көрсөтүп жатышат. Жеңүүчүлөр жана мелдештин жыйынтыктоочу оюндары эртең аныкталат.
Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында жаштар арасында улуттук ат оюндарынын башка түрлөрү боюнча да мелдештер уюштурулууда. Атап айтканда, батакур, кунан чабыш, ат чабыш сыяктуу оюндар өткөрүлүп, улуттук спорттун түрлөрүнө кызыккан жаштар өз күчүн сынашууда.
https://www.facebook.com/share/r/1KiRN1umGU/
