Ош шаарынын күнүнө карата улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө жана жаштар арасында жайылтууга багытталган бир катар мелдештер өткөрүлдү. Алардын алкагында көк бөрү боюнча Ош облусунун жаштар чемпиондугу уюштурулуп, ага 18–24 жаштагы оюнчулардан түзүлгөн командалар катышты.
Үч күнгө созулган мелдешке Ош облусунун райондорунан жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышты.
Мелдешке катышкан командалар:
1. Ноокат району;
2. Өзгөн-2;
3. Кара-Суу району;
4. Ош шаары;
5. Кара-Кулжа району;
6. Өзгөн-1;
7. Алай району.
А тайпада Ноокат району, Өзгөн-2, Кара-Суу району жана Ош шаарынын командалары күч сынашса, В тайпада Кара-Кулжа, Өзгөн-1 жана Алай райондорунун командалары беттешти.
Мелдештин жыйынтыгында:
1-орун — Кара-Кулжа районунун командасы;
2-орун — Кара-Суу районунун командасы;
3-орун — Өзгөн районунун командасы;
4-орун — Ноокат районунун командасы
утту.
Ошондой эле Ош шаарынын күнүнө карата ат чабыш боюнча мелдеш өткөрүлүп, анда улуттук ат оюндарынын үч түрү боюнча күлүктөр күч сынашты.
Батакур чабышта — 6 000 метр аралыкта Талас облусунан келген “Дубай” аттуу аргымак биринчи орунду ээлеп, Ош шаарынын мэринин кубогу жана 50 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.
Кунан чабышта — 12 000 метр аралыкта Ысык-Көл облусунан келген “Ландо” аттуу аргымак жеңишке жетип, Ош шаарынын мэринин кубогу жана автоунаа менен сыйланды.
Аламан ат чабышта — 25 000 метр аралыкта Ысык-Көл облусунан келген “Ак-Байпак” аттуу аргымак марага биринчи болуп келип, Ош шаарынын мэринин кубогу жана автоунаа менен сыйланды.
Улуттук спорттук мелдештер жаштар арасында көк бөрү, ат чабыш сыяктуу улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө, таланттуу спортчуларды колдоого, сергек жашоо образын жайылтууга жана кыргыз элинин улуттук спорттук салттарын сактоого багытталган.
Мелдештер Ош шаарынын күнүнө карата Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен өткөрүлдү.
