🔹Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленип жатат. Ага карата Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда борбордук аянтка Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу көтөрүлдү.
🔹Эскерте кетсек, мэр Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен шаар күнүнө карата 45 метрлик желек сап алынып салынып, анын ордуна 95 метрлик жаңы желек сап орнотулду.
🔹Иш-чарада Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундарын шаар күнү менен куттуктады.
🔹Ошондой эле борбордук аянтта Ош шаарынын жана Ош облусунун күч түзүмдөрүнүн парады болуп өттү.
