ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэриясы административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт

1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу.

Кесиптик билиминин деңгээли:

– жогорку же болбосо орто кесиптик билим (багытына талап коюлбайт);

– иш стажына талаптар коюлбайт.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы.

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана же расмий тилди билүүсү.

2. Административдик кызмат орундарынын улук тобу.

Кесиптик билиминин деңгээли:

– жогорку билим (багытына талап коюлбайт);

– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди

конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл:

1. Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы

(муниципалдык кызмат ордунун тобун көрсөтүү менен);

2. Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен)

3. Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;

4. Сүрөт 4х6;

5. Паспортунун көчүрмөсү жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн

көчүрмөсү;

6. Аскердик билетинин көчүрмөсү;

7. Өмүр баян (өз колу менен жазылган, соттолгондугу жана соттолбогондугу

тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);

8. Эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) жана билими тууралуу

документтеринин нотариус аркылуу же акыркы иштеген жеринен

күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

Сынакка катышуу үчүн жогорудагы документтерди 2023-жылдын

4-сентябры саат 17:30 га чейин Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу-кадрдык

иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө тапшыруу зарыл.

 Эскертүү: биометрикалык паспорт ээлеринен Ош шаардык

паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнөн маалымкат талап кылыныт.

 Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынан соттуулугу

тууралуу маалымкат талап кылынбайт.

 Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн талапкерлердин документтери бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келген

талапкерлер гана чакырылат.

Талапкерлердин байланыш маалыматтары

жана электрон дареги так көрсөтүлүшү керек.

Дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү 221, кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: (03222) 5-50-79, 5-54-59.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео