ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэриясы Good Neighbors International Эл аралык уюму менен биргеликте айыл жергесин өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырат

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Good Neighbors International Эл аралык бейөкмөт уюмунун Кыргызстандагы филиалынын директору Вон Иль Хён мырза менен жолукту.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде каражат чогултуу программасынын (фандрайзинг программасы) алкагында кайрымдуулук акцияларын өткөрүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле айыл жергесиндеги аялдарды колдоо, окутуу, логистикалык борборлордун, мектепке чейинки билим берүү мекемелердин системасын жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууда биргеликте аракеттенүү боюнча сүйлөшүштү.
Белгилей кетсек, Good Neighbors International Эл аралык бейөкмөт уюму 1991-жылы Корея Республикасында негизделген. Уюм 2014-жылдан бери Ош шаарында жана үч облуста балдарга билим берүү, саламаттыкты сактоо, коомчулукту өнүктүрүү жана өзгөчө кырдаалдарга жардам көрсөтүү боюнча 15ке жакын долбоорлорду ишке ашырып келет.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео