ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэриясы Кытай Эл Республикасы менен биргеликте инвестициялык долбоорлорду ишке ашырат

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Кыргыз-Кытай инвестициялык бирикмелер палатасынын башкы катчысы Чжао Сюуцзюнь мырза баштаган жумушчу топ менен жолугушту.

М.Исаев Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп, достук мамилелер бекемделип жатканын белгиледи.

Жолугушууда тараптар шаардын жол инфраструктурасын жана заманбап жол куруу техникасын жакшыртуу үчүн асфальт-бетон заводун сатып алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашып, Ош шаарына газ жана электр кубаты менен жүргөн заманбап үлгүдөгү автобустарды жеткирүү маселеси тууралуу сүйлөшүлдү.

Жолугушуунун соңунда тараптар аталган багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео