ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэриясы ЮНИСЕФ менен кызматташууну күчөтөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Балдар фондунун жетекчиси Кристин Жольм менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар, балдарды колдоо максатында маданият, билим берүү жана спорт багыттары боюнча биргелешкен келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу, эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү маселесин талкуулашты.

Жолугушуунун алкагында шаар бийлигине ЮНИСЕФтин Оштогу кеңсесинин жаңы жетекчиси Айсулуу Сулайманова тааныштырылды.

Н.Кадыров Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун атынан шаардагы саламаттыкты сактоого, билим берүүнү жакшыртууга, спорттук жана маданий иш-чараларды уюштурууга кошкон салымы үчүн ЮНИСЕФтин өкүлүнө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык жактан коргоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, мигранттардын балдарын колдоо, билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Кристин Жольм бир катар долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде ушул жылдын декабрь айында жыйынтыгы чыгарыла турган «Жаштар жана балдар үчүн ыңгайлуу шаар» долбоору, социалдык мугалимдердин сабаттуулугун, мигранттардын балдарынын жөндөмдөрүн жогорулатуу максатында ар тараптуу окутууларды жүргүзүүгө, мектеп окуучуларынын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган программалар тууралуу сөз кылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча макулдашышты.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео