Ош шаарынын мэриясы жана Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жайгашкан имарат жаңыланууда. Аталган имарат Мамлекеттик мүлк фондунан Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына толугу менен өткөрүлдү.
Учурда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде имаратта капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Иштин алгачкы этабында имараттын сырткы фасады жаңыланып, чатырлары толугу менен алмаштырылат.
Бул имарат курулгандан бери 70 жылга жакын убакыт өтсө да, буга чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес.
