ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

2026-жылдын 9 айында Ош шаарынын прокуратурасына жарандардан жалпы 3 483 кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен 3 338 кайрылуу каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынган.

Каралып, чечилген кайрылуулардын ичинен:

  • 2 049 кайрылуу боюнча чечим кабыл алынган;
  • 61 кайрылуу жазык иштерине жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө материалдарга бириктирилген;
  • 432 кайрылуу көзөмөл өндүрүштөрүнө бириктирилген;
  • 792 кайрылуу тиешелүү чараларды көрүү үчүн башка органдарга жөнөтүлгөн.

Чечилген кайрылуулардын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан 184, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынан 10 жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен 37 кайрылуу келип түшкөн.

Жалпы 2 049 кайрылуунун ичинен 974ү канааттандырылып, 92си четке кагылган, ал эми 983 кайрылуу боюнча жарандарга тиешелүү түшүндүрмөлөр берилген.

Прокурордук көзөмөлдүн багыттары боюнча кайрылууларды кароонун жыйынтыктары

Прокурордук көзөмөлдүн негизги багыттары боюнча каралып, чечилген жана канааттандырылган жарандардын кайрылуулары төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

  • Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багыты боюнча — 421 кайрылуу чечилип, алардын 63ү канааттандырылган.
  • Тергөө жана алгачкы текшерүү маселелери боюнча — 1 324 кайрылуу каралып, алардын 838и канааттандырылган.
  • Административдик жана жарандык иштер боюнча соттук актылардын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү маселелери боюнча — 92 кайрылуу чечилип, алардын 21и канааттандырылган.
  • Кылмыш иштери боюнча соттук актылардын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү маселелери боюнча — 95 кайрылуу каралып, алардын 25и канааттандырылган.
  • Башка маселелер боюнча — 104 кайрылуу чечилип, алардын 23ү канааттандырылган.

Жарандарды жеке кабыл алуу

2026-жылдын 9 айында Ош шаарынын прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан жалпы 1 646 жаран жеке кабыл алынган. Алардын ичинен 86 жаранды Ош шаарынын прокурору жеке кабыл алган.

Ош шаарынын прокуратурасы жарандардын кайрылууларын мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө кароого, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган иштерди улантууда.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

FB_IMG_1792382204585

Муниципалдык жер тилкелери аукцион аркылуу ижарага берилди

Видео