Урматтуу Ош шаарынын тургундары !
Ош шаардык Кеңешинин кароосуна Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Ош унаа базары” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, базардын инфраструктура маселелерин чечүү, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу максатында. Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын борбордук базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын жана “Ош унаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе сунушталып жаткандыгына байланыштуу шаар тургундарынын коомдук талкуусуна аталган маселе сунушталат.
Ошондуктан ушул маселе боюнча урматтуу шаардыктар сиздерден сын-сунуш, пикирлерди күтөбүз. Байланыш тел: 5 57 48
Ош шаардык
Кеңешинин төрагасы
Б.Т. Баетовго
Урматтуу Болот Талайбекович!
Ош шаарынын мэриясы Б. Кайкыев, В. Газиев баштаган Ош унаа базарындагы ишкерлердин 2025-жылдын 14-июлундагы арызын жана 2025-жылдын 19-июлу күнү Ош унаа базарынын ачылыш аземи учурунда чатыр алдындагы унаалардан алынуучу жыйымдардын ставкасы тууралуу автоунаа сатуучулары тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, “Ош шаарынын борбордук базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын жана “Ош унаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени карап берүүңүздөрдү суранат.
Тиркеме: токтом долбоору, маалымкат-негиздеме, юридикалык корутунду, салыштырмалуу таблица жана макулдашуу баракчасы, ишкерлердин арызы, 10 баракта.
Мэрдин биринчи орун басары А. Шаршеналы уулу
Долбоор
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын борбордук базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын жана “Ош унаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Ош унаа базары” муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, базардын көйгөйлүү маселелерин чечүү, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Ош шаардык Кеӊеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын борбордук базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын жана “Ош унаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-аталган токтомдун 2-пунктундагы 2-тиркеме ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн редакцияда бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.И. Шайиев) жүктөлсүн.
Ош шаардык
Кеӊешинин төрагасы Б.Т. Баетов
Ош шаардык Кеңешинин
2025-жылдын кезексиз ______ сессиясынын
№ ______ токтомунун 2-тиркемеси
“Ош унаа базары”
муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскуранты
(тийиштүү салыктарын кошкондо)*
(сом менен)
№ | Жыйымдардын аталышы | Дүйшөмбү-жума күндөрү (ар бир күнгө) | Ишемби күнү | Жекшемби күнү |
1. | Базардын аймагына автотранспорттун бир жолку кирүүсү үчүн, бир жолку: | |||
– жүк көтөргүчтүгү 10 тоннадан ашкан жүк ташуучу транспорт | 200,0 | 500,0 | 700,0 | |
– жүк көтөргүчтүгү 5 тоннадан жогору жана 10 тоннага чейин жүк ташуучу транспорт | 100,0 | 450,0 | 600,0 | |
– жүк көтөргүчтүгү 5 тоннага чейин жүк ташуучу транспорт | 100,0 | 450,0 | 600,0 | |
– кичи автобустар | 200,0 | 450,0 | 600,0 | |
– жеңил автоунаалар | 50,0 | 350,0 | 500,0 | |
2. | Чатырдын астында турган автоунаалардан алынуучу жыйым: | 100 | 500 | 700 |
3. | Автотранспорт токтотуу жана токтотуучу жай үчүн, эки саатка | 50,0 (Эки сааттан кийинки ар бир саат үчүн кошумча 50 сомдон алынат) | ||
4. | Чарбалык субъекттерге жер тилкени ижарага берүү үчүн, бир айга 1 м2 үчүн | 200,0 сомдон башталат | ||
5. | Соода кылуу үчүн, соода кылган күнгө | 200,0 сомдон башталат | ||
6. | Справкаларды берүү үчүн | 50,0 |
Ош шаардык Кеңешинин
аппарат жетекчиси И.Э. Абдыраимов
“Ош унаа базары”
муниципалдык ишканасынын жыйымдары боюнча салыштырмалуу таблица
(сом менен)
№ | Жыйымдардын аталышы | Мурунку баалар, сом | Сунушталган баалар, сом | Айырмасы, +,- | ||||||
Дүйшөмбү-жума күндөрү | Ишемби күнү | Жекшемби күнү | Дүйшөмбү-жума күндөрү | Ишемби күнү | Жекшемби күнү | Дүйшөмбү-жума күндөрү | Ишемби күнү | Жекшемби күнү | ||
7. | Базардын аймагына автотранспорттун бир жолку кирүүсү үчүн, бир жолку: | |||||||||
– жүк көтөргүчтүгү 10 тоннадан ашкан жүк ташуучу транспорт | 200,0 | 500,0 | 700,0 | 200,0 | 500,0 | 700,0 | 0 | 0 | 0 | |
– жүк көтөргүчтүгү 5 тоннадан жогору жана 10 тоннага чейин жүк ташуучу транспорт | 100,0 | 450,0 | 600,0 | 100,0 | 450,0 | 600,0 | 0 | 0 | 0 | |
– жүк көтөргүчтүгү 5 тоннага чейин жүк ташуучу транспорт | 100,0 | 450,0 | 600,0 | 100,0 | 450,0 | 600,0 | 0 | 0 | 0 | |
– кичи автобустар | 200,0 | 450,0 | 600,0 | 200,0 | 450,0 | 600,0 | 0 | 0 | 0 | |
– жеңил автоунаалар | 50,0 | 350,0 | 500,0 | 50,0 | 350,0 | 500,0 | 0 | 0 | 0 | |
8. | Чатырдын астында турган автоунаалардан, бир жумага | 100 | 1000 | 1000 | 100 | 500 | 700 | 0 | -500 | -300 |
9. | Автотранспорт токтотуу жана токтотуучу жай үчүн | 50,0 (эки саатка. Эки сааттан кийинки ар бир саат үчүн кошумча 50 сомдон алынат) | 50,0 (эки саатка. Эки сааттан кийинки ар бир саат үчүн кошумча 50 сомдон алынат) | 0 | ||||||
10. | Чарбалык субъекттерге жер тилкени ижарага берүү үчүн, бир айга 1 м2 үчүн | 200,0 сомдон башталат | 200,0 сомдон башталат | 0 | ||||||
11. | Соода кылуу үчүн (ларёктон, чатырдан, прилавкадан, колдон сатуу үчүн), соода кылган күнгө | 200,0 сомдон башталат | 200,0 сомдон башталат | 0 | ||||||
12. | Справкаларды берүү үчүн | 50,0 | 50,0 | 0 |
Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын борбордук базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын жана “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
1. Долбоордун максаты жана милдеттериСунушталып жаткан токтомдун долбоору “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, базардын инфраструктура маселелерин чечүү, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу максатында иштелип чыкты.
2. Баяндоочу бөлүк“Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасы мыйзам чегинде берилген ыйгарым укуктарынын негизинде тейлеген багытта ишмердүүлүктү жогорулатуу, маселелерди чечүү, келечекке багытталган иш-чараларды камсыз кылууга аракеттерди жүргүзөт. Ошону менен биргеликте муниципалдык жерлерди пайдалануу үчүн ижара акыларын жергиликтүү бюджетке которуу менен шаардын бюджеттик потенциалын жогорулатуу, өнүгүү программасында каралган иш-чараларды аткарууга салымын кошот.
Кыргыз Республикасында инфляциянын деңгээли (керектөө бааларынын индекси боюнча) 2023-жылы 110,8%ды (Ош ш. 115,8%), 2024-жылы 105,0%ды (Ош ш. 107,4%), ал эми 2025-жылдын январь-апрель айларына карата 106,9%ды (2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу) түздү. Бул көрсөткүчтөр товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын өсүшүнө алып келди. Айрыкча коммуналдык кызматтар, инфраструктураны тейлөө чыгымдары кыйла жогорулады.
Инфляциянын динамикасын, сатып алынган товарлардын, кызматтардын жогорулашын эске алуу менен муниципалдык ишканалардын жыйымдарынын прейскуранттарын кайра кароо зарыл.
Жогорудагыларды эске алуу менен, Жапалак унаабазарынын тарифтерин учурдагы рынок шарттарынаылайыктап, кайра кароо маселесин Ош шаардыккеңешинин кароосуна коюу сунушталат. Тарифтердиинфляция темпине жараша көтөрүү жана алынганкошумча каражаттарды базар инфраструктурасынөнүктүрүүгө жана кызмат сапатын жогорулатуугабагыттоо максатка ылайык болот.
3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдоруБул токтомдун долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, бул токтомдун долбоору коомдук талкуу жүргүзүү жол-жобосунан өтүү үчүн Ош шаардык Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.
5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишине талдоо жүргүзүү
Берилген токтом долбоору колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат
Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жергиликтүү бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.
7. Жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүү жөнүндө маалымат
Берилген долбоор жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, анткени ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес.
Ош шаарынын мэринин
биринчи орун басары А. Шаршеналы уулу
Макулдашуу баракчасы
Ош шаардык Кеңешинин “2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын борбордук базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын жана “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбооруна
Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары А. Шаршеналы уулу
Ош шаарынын мэриясынын
юридика бөлүмүнүн башчысы А. Дүйшеналы кызы
Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин Ош финансы
башкармалыгын башчысы К.К. Абдыкадыров
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык
менчик башкармалыгынын башчысы М. Казыбай уулу
“Жапалак унаа базары”
муниципалдык ишканасынын директору А.Д. Тажибаев