🔹Бүгүн, 8-октябрда Ош шаарына Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынан делегация келди. Эки шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу иш-чаралары өткөрүлөт.
🔹Жолугушууда мэрдин орун басарлары, шаардык кеңештин төрагасы, мэриянын бөлүм башчылары жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өтүп, Ош шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгү тааныштырылды.
🔹Жыйында Ош шаарынын 9 ай ичинде аткарылган иштери тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле калаанын стратегиялык пландары жана жергиликтүү бюджеттин кошумча киреше булактарын түзүү багытындагы иштер, мамлекеттик-жеке жана эл аралык өнөктөштүктүн негизинде ишке ашып жаткан долбоорлор, туризм чөйрөсүндөгү жетишкендиктер тууралуу айтылды.
🔹Алдыда мэриянын муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, социалдык жана маданий обьекттерге барышат.
