Бүгүн Ош шаарынын Борбордук аянтына “Көчмөндөр жолу” аттуу Эл аралык мото-экспедициянын мүчөлөрү келди. Аталган жүрүш 2016-жылдан бери Борбор Азия өлкөлөрү арасында достукту чыңдоо, өлкөлөрдү дүйнөгө таанытуу максатында уюштурулуп келет.
Саякатчыларды Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова тосуп алып, мэриянын атынан белектерди тапшырып, ак жол каалады.
Бул жолу экспедицияда 100 дөн ашуун катышуучу бар. Алар Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандыктар. Бүгүн Жалал-Абаддан Ошко келген мото-туристтер эртең Баткен аркылуу Тажикстанга жол тартышат.
