ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто 19 жеке медициналык борбор жабылды

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда, Ош шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча координациялык кеңешмесинин протоколдук тапшырмасын аткаруу боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө жеке менчик ишканалар, анын ичинде сулуулук салондор, тиш дарылоочу кабинеттер, медициналык борборлор, хижама бөлмөлөрү жана ушул сыяктуу кан менен байланышуу аркылуу кызмат көрсөткөн ишканалар тарабынан калкка кызмат көрсөтүүдөгү мыйзам бузууларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин аткаруу маселеси каралды.

Анын жыйынтыгы менен тиешелүү кызматтарга кан аркылуу жугуучу инфекциялардын АИВ, гепатиттин алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, текшерүү учурунда медициналык кызмат көрсөткөн 19 жеке менчик мекеме жабылып, 8 ишкананын иши укук коргоо органдарына кароого жөнөтүлгөн.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео