ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто бир күндө 10 жаңы сквер ачылды

🔹 Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин 100 күндүк ишмердүүлүгүнүн алкагында бүгүн, 10-июнь шаарда 10 заманбап сквер пайдаланууга берилди.
🔹 Буга чейин каралбай келген аймактар толугу менен жаңыланып, тургундар үчүн ыңгайлуу эс алуу жайларына айланды. Бардык иштер “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылды.
🔹 Жаңы скверлердин даректери:
1. И.Раззаков көч., №38 үйдүн арты
2. А.Шакиров көч., №271 үйдүн арты
3. А.Шакирова көч., №8 үйдүн арты
4. Алымбек-Датка көч., Атайын оорукананын жанындагы №1 сквер
5. Алымбек-Датка көч., Атайын оорукананын жанындагы №2 сквер
6. И.Раззаков көч., №28 үйдүн арты
7. И.Раззаков көч., №22 жана №24 үйлөрдүн ортосу
8. Шота-Руставели – Р.Моминова көчөлөрүнүн кесилиши
9. Н.Байтемиров көч., Шота-Руставели №126г үйдүн арты
10. Н.Исанов көч., №123 үйдүн арты — бул скверди жасалгалоого Кызыл Ай коому да салым кошту.
🔹 Бардык скверлерде тротуарлар төшөлүп, заманбап жарыктандыруу орнотулуп, отургучтар жана таштанды урналары коюлду. Айрым жерлерде көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддары актап-сырдалды.
🔹Ошентип, Ош шаарында жалпы аянты 2,57 гектарды түзгөн 10 жаңы жашыл аймак түзүлдү. Бул иштер шаардын архитектуралык келбетин жакшыртып, экологиялык абалын чыңдоого жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чоң салым кошту. Шаар мэри Жанарбек Акаев өз сөзүндө жашылдандыруу улантыларын, дагы 10 скверди жасоо боюнча чечим кабыл алынганын айтып, бул долбоор эң ириде шаар жашоочуларынын ыңгайлуулугуна багытталганын билдирди.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео