ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто бир катар сулуулук салондор текшерилди

Ош шаарынын мэриясынын, муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери биргеликте шаар тургундарынын арасында кан аркылуу жугуучу оорулардын алдын алуу максатында жеке менчик косметология, сулуулук салондор, ийне саюучу, хижама бөлмөлөрүндө АИВ/СПИДге, гепатитке каршы санитардык – гигиеналык эрежелердин, эпидемиологиялык ченемдердин аткарылышы боюнча рейд жүргүзүштү.

Текшерүү учурунда 8 косметологиялык салон залалсыздандыруу эрежелерин сактабаганы аныкталып, жумушун токтотуу боюнча санитардык көрсөтмө даярдалып, чара көрүү үчүн ички иштер башкармалыгына кызматтык кат жиберилди.

Ошондой эле, жогорку медициналык билими жок кызмат көрсөткөн 14 кызматкерге Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, 70000 (жетимиш миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Аны менен катар санитардык-гигиеналык ченемдерин сактоо боюнча кемчилдиктери айтылып, талапка ылайык калыбына келтирүү иштерин жасамайынча ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу боюнча санитардык көрсөтмөлөр берилди.

Рейдтик иш-чаралар уланууда.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео