ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто ири транспорттук түйүндүн курулушу башталды

Бүгүн, 16-октябрда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири — транспорттук түйүндүн курулушуна старт берди.
Долбоор С. Жусуев, Курманжан Датка, Т. Касымбеков жана Б. Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде (“Достук” айлампасында) ишке ашырылат.
Курулуштун алкагында транспорттук жол түйүнү, 4 пандус, 8 тепкич жана жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк курулат. Ошондой эле унаалардын кыймылын жеңилдетүү үчүн айланма жолдор каралган.
Долбоордун жалпы аянты 6 603 чарчы метрди түзөт. Жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктүн аянты 1 622 чарчы метрди түзүп, диаметри 100 метр болот.
Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат. Долбоорду бир жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.
Жаңы транспорттук түйүн шаардагы жол кыймылын жакшыртууга, унаа тыгындарын азайтууга жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо тартиби

853145530_1454121123573447_7411084343907574716_n

Ош: Шахмат боюнча Азия чемпионаты башталды

Natural gas blue flames at kitchen

Кулактандыруу!

aea2af07-44f1-4b6d-bab9-a4552353f453

Кең-Сай массивин өнүктүрүүнүн башкы планы иштелип чыгууда

31c7c3a7-d19c-4f8a-a659-ba4e5914a9c4

Чубак Жалилов көчөсү иретке келтирилүүдө

b8526ba1-77f3-418e-a3d4-6c5f9986aa9f

Кең-Сай: Жашоочулардын суранычы аткарылууда

Видео