ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто кулчулуктун курмандыктарын эскерүү күнүнө карата жыйын өттү

Бүгүн, 23-август – кулчулуктун курмандыктарын эскерүүнүн жана аны жоюунун эл аралык күнүнө карата Ош шаарынын мэриясынын алдындагы адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңештин жыйны болуп өттү.

Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Бактыгүл Айдакеева, ЕККУнун Бишкек шаарындагы кеңсесинин өкүлү Амирхан Ишматов, Эл аралык коргоого көмөктөшүү борборунун өкүлү Акылбек Ташбулатов, Координациялык кеңештин мүчөлөрү жана муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Жыйындын күн тартибинде “Адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамынын, “2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адам сатууга каршы күрөшүү” боюнча токтомунун Ош шаарында аткарылышы жөнүндө маселелер каралды.

Ошондой эле аталган маселелер боюнча координациялык кеңеш тарабынан аткарылган жумуштар, уюштурулган иш-чаралар тууралуу маалыматтар берилип, кулчулукка жана зомбулукка кабылган адамдардын укуктары, аларды ар тараптуу мажбурлап иштетүү, алдын алуу жана убагында жардам берүү жолдору талкууланды.

Жыйынтыгында, тиешелүү кызматтарга Ош шаарында жашы жете электер арасында эмгекке жана жыныстык эксплуатацияга мажбурлоо боюнча рейдтерди өткөрүү, жумушка орноштуруу агенттиктеринин ишмердүүлүгүн текшерүү, калк арасында адам сатуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тууралуу протоколдук тапшырмалар берилди.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео