ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто МСЭКтин алты айлык ишинин жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында жарандардын кайрылуусуна ылайык, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Медициналык-социалдык экспертизалоо комиссияларынын ишмердүүлүгү боюнча Ош шаарынын мэриясынын аппараттык кеңешмеси болуп өттү.

Жыйынды Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров алып барып, ага Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалдарынын, Ош шаардык социалдык фондунун, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, Ош шаардык реабилитациялык борборунун жана Ош шаардык оорукананын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө, Ош шаарында 4 аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссия, Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору тарабынан бекитилген иш-мерчем боюнча алты ай ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маалыматтар берилди.

Ошондой эле, жыйындын алкагында медициналык мекемелерде комиссиянын ишин уюштуруу, өз учурунда сапаттуу аткаруу, «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынын негизинде, иш кагаздарды жүргүзүү боюнча маселе көтөрүлүп, аларды типтүү нускаманын талаптарына ылайык, коррупцияны алдын алуу максатында электрондук тутумуна киргизүү жана жүгүртүү менен бирге бул боюнча окутууларды өткөрүү сунушталып, жаралган кемчилдиктерди үч айдын ичинде жоюу талабы коюлду.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео