ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто салык кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

Бүгүн, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Салык кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, мэрдин биринчи орун басары Марс Исаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Рахманберди Аданов жана салык кызматкерлери катышты.

Куттуктоо сөзүндө Бакытбек Жетигенов кесип ээлеринин оор, жоопкерчиликтүү ишин, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө кошкон алгылыктуу салымын белгилеп, ардактуу кесип ээлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, эмгек жолунда өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди Ош шаарынын мэриясынын атынан Ардак грамоталары менен сыйлады.

Белгилей кетсек, жыл сайын 1-июлда салык кызматынын бардык кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешет.

Кыргыз Республикасынын салык кызматкеринин күнү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 262 токтому менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салык кызматынын кызматкерлеринин олуттуу салымын эске алып, салык кызматынын салттарынын уланмалуулугун камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео