Бүгүн, Ош шаарында ачылган ири обьектилердин катарында Алымбек Датка этнографиялык борборундагы заманбап оргума да бар.
Аталган фонтандын курулушу Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен эки ай мурун башталып, бүгүн толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Анын жандырылышына Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев, шаар башчысы Жанарбек Акаев жана эл өкүлдөрү салтанаттуу старт берди.
Оргума толугу менен жаңыланып, узундугу 50 метрди түзөт. Айланасы гранит таштары менен жасалып, эс алуучулар үчүн жаңы отургучтар орнотулду.
