Ош шаарында коомдук транспортту оптималдаштыруу боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өттү.
Жыйында шаарды айланма багытта тейлей турган жаңы муниципалдык автобус каттамынын схемасы бекитилди. Негизги максат – шаар тургундары үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, жол убактысын кыскартуу жана автобустардын ишин натыйжалуу кылуу.
Комиссия алдыда муниципалдык автоунаа ишканасы тейлеген бардык автобустук каттамдарды кайра карап чыгат. Каттамдар шаардагы жаңы жолдорго жана жүргүнчүлөрдүн суроо-талабына ылайыкталат.
Жалпысынан мэрия шаар үчүн заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу коомдук транспорт системасын түзүү иштерин улантат.
