ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто жугуштуу ооруларга көзөмөл күчөтүлөт

Бүгүн, Ош шаардык клиникалык ооруканасында Ош шаарынын мэриясына караштуу эпидемияга жана эпизоотияга каршы шаардык өзгөчө комиссиясынын жыйыны өттү.

Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышты. Күн тартибинде Ош шаарында сибирь жарасы, бруцеллёз, кызамык жана кызылча жугуштуу илдеттеринин алдын алуу иш-аракеттери тууралуу маселелер талкууланып, эпидемиологиялык абалы, эмдөөнүн жүрүшү жөнүндө маалыматтар угулду.

Ош шаарында бүгүнкү күндө сибирь жарасы (күйдүргү) оорусу катталбаганы белгиленип, тиешелүү мекемелердин жетекчилерине эт-сүт азыктарына бардык зарыл болгон санитардык жана ветеринардык талаптардын сакталышын камсыздоо боюнча ар тараптуу иштерди күчөтүү боюнча протоколдук тапшырмалар берилди.

Ош шаардык ветеринардык инспекциясына:

• Мал ээлерине малдардын сибирь жарасы жана башка ооруларына каршы вакцинанын маанилүүлүгүн түшүндүрүү;

• Мал чарбасында ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү, мал-жандыктарды союунун алдында экспертизадан өткөрүү, №2 формасын талап кылуу;

• Мал-жандыктарды тийиштүү ветеринардык жолдомолордун негизинде союу;

• Мал союучу жайлардын абалын санитардык, ветеринардык талаптарга туура келтирүү;

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарына:

• Калк арасында, казыят менен биргеликте өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулардын алдын алуу, эмдөөдөн баш тарпоо, иммунопрофилактика боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү;

• Муниципалдык аймактык башкармалыктарда чумага каршы бөлүмү, Ветеринардык инспекция, Сан-эпид. көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан мекеме-ишканаларда, коомдук тамактануучу жайларда, соода түйүндөрдө, базарларда рейдтерди уюштуруу, айрыкча эт саткан павильондор, жеке мал баккандар арасында өзгөчө кооптуу жугуштуу илдеттердин алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

Саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерине:

• Ош шаарында профилактикалык эмдөө иштерине көзөмөлдү күчөтүү;

• Эмдөөлөрдүн сапатына фармакологиялык көзөмөлдү жүргүзүү;

• Бекитилген жол-жоболорго ылайык вакциналарды сактоо;

• Вакциналарды ташуу жана колдонуу учурунда температуралык режимге көзөмөлдү күчөтүү;

• Өзгөчө кооптуу жугуштуу оорууларга шектүүлөрдү аныктоо жана алгоритмге ылайык иш алып баруу;

• Катталган өзгөчө кооптуу жугуштуу илдеттерге өз убагында байкоолорду, залалсыздандыруу иштерин жүргүзүү;

• Ош шаарында менчигинин түрүнө карабастан билим берүү тармактарында, тойкана, кафе-ресторандарда, базарларда, эт азыктарды сатуучу павильондордо санитардык-гигиеналык эрежелердин, талаптардын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү;

• Саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерин өзгөчө кооптуу оорулар боюнча окутуудан өткөрүү;

• Кооптуу оорулар аныкталган учурда аракеттердин алгоритмин иштеп чыгуу.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео